Site icon Reporter.kg

Июнь окуясында курман болгон милиция кызматкерлеринин элесине аргалган турнир өтүүдө

Ош шаарында 2010-жылдын апрель–июнь окуяларында курман  болгон кызматкерлердин жаркын элесине арналган  спорттук иш-чара өтүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Бүгүн, 21-апрелде 2010-жылдагы июнь айларындагы коогалаӊ учурунда кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин жаркын элесине арналган ИИМдин кызматкерлеринин арасындагы спорттун самбо түрү боюнча мелдеш Ош шаарында старт алды.

Турнирге республиканын бардык аймактарынан спортсмендер турган 15 команда ат салышып жатканы жана эки күнгө созулары айтылат.

Иш-чаранын салтанаттуу ачылыш аземине тчки иштер министринин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков, Ош ШИИБнын жетекчиси Акылбек Мамасейитов, Ош ОИИБдин башчысы Жеӊишбек Абитов жана кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлиринин  жубайлары, жакын туугандары катышкан.

Жыйында сөз сүйлөгөн Сүйүнбек  Өмүрзаков мындан ары элибиз дайыма тынчтыкта жашоосу зарыл экендигине токтолуп, өткөн каргашалуу окуялардын эч качан кайталанбашына тилектеш экендигин билдирген.

«Бүгүнкү тынчтыктын келишине ушул кызмат учурунда курман болгон ар бир милиция кызматкеринин дагы кошкон салымы баа жеткис. Алардын ар биринин жаркын элеси эсибизден чыкпайт»,— деген министрдин биринчи орун басары.

Сөз соӊунда кызмат учурунда курман болгон милиция кызматкерлиринин жубайларына жана жакындарына каржылык колдоо катары акчалай жардам көрсөтүлгөн.

Маалым болгондой, аталган коогалаӊ учурунда жалпысынан 12 милиция кызматкери кызмат учурунда каза болушкан.

Exit mobile version