Издөө салынат! 13 жаштагы Мадина бир жумадан бери дайынсыз

Издөө салынат! 13 жаштагы Мадина бир жумадан бери дайынсыз

Бишкекте бир жума мурда жоголуп кеткен 13 жаштагы Мадина Киемованы милиция табууга жардам сурайт. Бул тууралуу ШИИББден билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 28-сентябрь күнү саат 19.00дө Волков көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Кийген кийимдери үстүнө ак кофта, көк түстөгү PUMA деген жазуусу бар спорттук кийим, кара жинсы, бутуна ак бут кийим кийип жүргөн.

Белгилери: бою 163-165 сантиметр, салмагы 50-55 килограмм, чачы узун, күрөң түстө, кашы күрөң, кой көз.

Өспүрүм тууралуу маалыматы барлар 0 (312) 56-17-52, 0 (554) 10-21-48, 0 (705) 99-99-53, 0 (703) 10-22-61, 0 (312) 56-32-48 жана 102 номерине кабарлап койсо болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>