Site icon Reporter.kg

Издөө салынат! Бишкекте эки өспүрүм кыз жоголду

Бишкекте 14 жаштагы кыздар дайынсыз жоголду. Өспүрүмдөр кечээтен бери байланышка чыга элек.

Акылай Баялиева жана анын досу Алия Абысатарова 24 -август күнү кечинде Достук кичи районундагы үйдөн чыгып кетишкен, ошондон бери алардын кайда экени белгисиз.

Кыздар милиция тарабынан изделүүдө. Өспүрүмдөр тууралуу маалыматы барлар көрсөтүлгөн номерлерге байланышса болот: (0771) 48-88-83 жана (0500) 87-77-76.

Учурда Акылай Баялиева тууралуу гана маалымат бар. Анын белгилери: бою 160-165 сантиметр, орточо дене түзүлүштө, чачы кара, узундугу жамбашынан, көзү күрөң, мурду түз.

Ал мышыктын сүрөтү бар каймак түстөгү футболка, ачык күрөң шым жана ак спорттук бут кийим кийип жүргөн.

Биринчи Май РИИБнин байланыш телефондору: (0706) 66-61-49, (0312) 67-01-13 же 102.

Exit mobile version