Site icon Reporter.kg

Издөөдө жүргөн кытай жаранына кыргыз атуулдугу берилип кеткен

Документтерди жасалмалоо жолу менен «этникалык кыргыз» катары Кыргызстандын жарандыгын алган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматына Кытайдын жараны документтерди жасалмалоо менен Кыргызстандын жарандыгын алгандыгы тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Андан сырткары, ыкчам маалымат боюнча аталган жаран Кытайда издөөгө алынганы маалым болгон.

«54 жаштагы Я.Чж. аттуу Кытай жараны Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун Алтай аймагынын укук коргоо органдары тарабынан мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүнү уюштургандыгы үчүн издөөгө алынган», — деп айтылат маалыматта.

Бул фактыны текшерүү учурунда 54 жаштагы Я. Чж. былтыр документтерди жасалмалоо жолу менен «этникалык кыргыз» катары жөнөкөйлөтүлгөн тартипте кыргыз жарандыгын алганы аныкталган.

«Бул жаран Кытайда берилген өздүгүн тактоочу документиндеги улуту жазылган графага атайылап жалган маалыматты киргизген. Мындан соң, жарандыкты алгандан кийин Я. Чж. өзү жөнүндө толук маалыматты өзгөрткөн. Шектүүнүн мурдагы аты-жөнү М. Чж. Болгон», — деп айтылат маалыматта.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 3-бөлүмү (документтерди жасалмалоо)  боюнча кылмыш ишинин козголгон.

Шектүү 11-мартта «Ак-Жол» өткөрүү пунктунан Кыргызстандан кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалган.

«Кылмыш ишине тиешеси болушу мүмкүн болгон буюмдарды жана документтерди аныктоо, табуу жана алуу максатында Чүй облусунун Аламүдүн районунда кармалган жарандын жашаган жери боюнча ыкчам тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Шектүүгө тиешелүү ар кандай документтер табылып алынган», — деп билдирет ИИМ.

13-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан ал эки айга камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version