Site icon Reporter.kg

Издөөдө жүргөн тажик жараны колго түштү

Издөөдө жүргөн Тажикстандын жараны кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, Тажикстандын  Согди облусунун Б. Гафуров районунун тургуну 40 жаштагы М.Дж. Кыргызстандын  аймагында 2018-жылы мыйзамсыз ишкерлик кылуу жана аткезчилик беренелери менен кылмыш жасап, Лейлек райондук милициясы тарабынан 2018-жылдан бери издөөдө жүргөн.

Жергиликтүү милицияга кызматкерлери тарабынан 27-апрель күнү Лейлек районунун аймагында жүргөн жеринен кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Exit mobile version