Site icon Reporter.kg

Издөөдө жүргөн жаран көчөдөгү камеранын көмөгү менен кармалды

Ош шаардык милициясы тарабынан 2021-жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүү катары кармалган А.А. аттуу жаран 3 жыл мурда «бейбаштык» фактысы боюнча издөөгө алынып, бирок изин жашырып жүргөн. Аны кармоого көчөлөрдө орнотулган адамды жүзүнөн тааныган камера жардам берген.

Учурда ал камакка алынган.

Exit mobile version