Site icon Reporter.kg

Оппозициялык кыймыл түзүлдү. Издөөдөгү активисттин билдирүүсү

Жарандык активист Тилекмат Күрөнов “Күч” бириккен элдик кыймылы түзүлгөнүн жарыялады. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы постунда билдирди.

Анын айтымында, кыймыл өлкөнүн эртеңки келечегине кайдыгер эмес Кыргызстандын жарандары тарабынан түзүлдү.

“Урматтуу Кыргызстандыктар. Бүгүнкү күнү өлкөдө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу, мамлекеттин бүгүнкүсүнө жана эртеңки келечегине кайдыгер эмес Кыргызстандын жарандары тарабынан “Күч” Бириккен Элдик Кыймылы түзүлдү. Бул кыймыл бардык жүрөгү “Мекен” деп соккон мекендештердики, жалпыбыздыкы.

Элибиз тезинен бир муштум болуп ынтымака келип, чечкиндүү кадамдарга барбасак мамлекетибиздин бардык баалуу, стратегиялык рычагдарынан айрылып калуу коркунучу турат.

Эки үй-бүлөнүн кландык башкаруусуна каршы туруп, саясий жана укуктук башаламандыктарга мындан ары жол бербеш үчүн биригип “Күч” боло турган учур келди.

Мамлекетибиздин келечегин, адилеттүү өлкө курабыз деген аруу максатыбызды мыйзамсыз бийлике тебелетпейли. Мындан ары кол куушуруп карап отурууга эч кимибиздин акыбыз жок”, — деп жазды ал.

Буга чейин ИИМдин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурдин Эшимкан Тилекмат Күрөновго издөө жарыяланганын билдирген.

Белгилей кетсек, буга чейин жарандык активист Тилекмат Күрөнов саясий куугунтуктан улам Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгонун билдирген. Ал Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып, суу сактагычты коргоо комитетинин мүчөсү болгон.

Андан мурун Тилекмат Күрөнов «бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоого» айыпталып, 1 жылга, ошондой эле «добуш сатып алууга» айыптуу деп табылып, дагы 6 айга, жалпы 1,5 жылга эркинен ажыратылган. Ал өзүнө ачылган кылмыш ишти куугунтук катары баалаган. Активист жаза мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу абактан чыккан.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version