Site icon Reporter.kg

Көчмөндөр оюндары: Таластын улакчылары Нарын командасын ири эсеп менен жеңди

Талас шаарында өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көк-бөрү  боюнча мелдеште Талас менен Нарын облустарынын улакчылары беттешти.

16-сентябрга белгиленген оюндарда Ош облусунун улакчылары Нарын облусун 12:0 эсеби менен жеңип алган. Андан кийин Бишкек шаары  Ысык-Көл облусунун 5:4 эсебинде жеңген.

Ал эми  Чүй облусу менен  Баткен облусунун беттеши караңгы киргендигине байланыштуу аягына чыккан эмес.

Ойнундун жыйынтыгы менен Таластын улакчылары Нарындын командасын 12:2 эсеби менен жеңип алды.

Белгилей кетсек, көк-бөрү  боюнча мелдешке  Кыргызстандын жети дубанынан 9 команда катышууда.

Командалар чүчүкулак аркылуу үч тайпага бөлүнгөн.

«А» тобу: Ош облусу, Нарын облусу, Талас облусу;

«В» тобу: Бишкек шаары, Ысык-Көл облусу, Жалал-Абад облусу;

«С» тобу: Чүй облусу, Баткен облусу, Ош шаары.

Автор: Максат Боромбаев
Exit mobile version