Site icon Reporter.kg

Көчмөндөр оюну: Чүйдүн көк бөрүчүлөрү баш байгени алды (фото)

Чүй облусунун көк бөрү боюнча курама командасы Улуттук көчмөндөр оюндарынын финалында Ош облусунун командасын ири эсеп менен жеңип, баш байгени алганын кабарчыбыз жеринен билдирди.

Финалдык оюнда Чүй облусунун улакчылары Ош облусунун тай казанына жалпы 14 улак таштаган. Ал эми Оштун улакчылары бир улак таштап, эсепти ачууга гана жетишкен.

Ал эми Талас облусунун командасы Бишкектин көк бөрүчүлөрүн 11:2 эсебинде женип, үчүнчү орунду ээлеген.

Exit mobile version