Site icon Reporter.kg

Көк бөрү боюнча Жогорку лиганын оюндары эртең башталат

Нооруз майрамына карата өтүп жаткан көк бөрү боюнча мелдештин Жогорку лигасынын оюндары эртең, 17-мартта башталат. Бул тууралуу аталган спорттун федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-мартта Жогорку лигадагы командаларды тайпаларга кбөлүү үчүн чүчү-кулак ташталат. Ал эми 17-марттан тарта оюндар старт алат.

Белгилей кетсек, Биринчи лиганын оюндары 13-мартта Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда башталган.

 

Exit mobile version