Вице-спикер Аида Касымалиева “зордуктайбыз” деп коркутуулар болгондугун айтты – видео

Вице-спикер Аида Касымалиева “зордуктайбыз” деп коркутуулар болгондугун айтты – видео

Бүгүн, 13-октябрда “Ала-Арча” резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өттү.

Анда өзгөчө абал киргизүү тууралуу президенттин жарлыгы каралып, парламентке спикер шайланды.

Отурумда сөз алган вице-спикер Аида Касымалиева ага карата уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан “үйүңү өрттөйбүз, зордуктап кетебиз” деген коркутуулар болгондугун билдирди.

Ошондой эле ал мыйзамдуулукту гана талап кылганын бул үчүн аны коркутуу туура эместигин жана коркпостугун айтты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>