Чычканда күйүүчү майларды мыйзамсыз ташыган жеке ишкердин унаасы кармалды

Чычканда күйүүчү майларды мыйзамсыз ташыган жеке ишкердин унаасы кармалды

Чычкан капчыгайында күйүүчү майларды мыйзамсыз ташып бара жаткан жүк ташуучу унаа кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен  билдиришти.

Маалыматка ылайык, документтерде күйүүчү майлар Чүй облусундагы жеке ишкерге таандык болгон. Бирок көрсөтүлгөн күйүүчү май ташуучу унаа өлкөнүн түштүк аймактарын көздөй бара жатып, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Чычкан капчыгайынан (234-км) кармалган. Кармалган күйүүчү майдын жалпы көлөмүн эсептегенде 30 тоннадан ашкан.

Тиешелүү экспертизалар дайындалып, бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүрүп жатканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>