Күйөөсү кафенин дааратканасына камап алып сабаган аял арыз жазуудан баш тартты

Күйөөсү кафенин дааратканасына камап алып сабаган аял арыз жазуудан баш тартты

Бишкекте күйөөсү кафенин дааратканасына камап алып канга чыланганча сабаган аял арыз жазуудан баш тартты. Бул тууралуу Бишкек милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ 11-сентябрда болгон. Анда милицияга Бишкек шаарынын Муса Жалил жана Курманжан датка көчөсүнүн кесилишиндеги кафеде массалык мушташ болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери бети башы бүт кан болгон аялды көрүшкөн. Ал курбулары менен кафеде отурса күйөөсү келип дааратканага алып кирип сабаганын айткан.

Ошол жердеги адамдар аталган аялды күйөөсү дааратканага камап алып сабап жатканда, кыйкырык, жардам сураган үндү угушуп, эшикти бузуп кирип күйөөсүнүн колунан бычагын жулап алып куткарып калышканын айтышкан.

Милиция келгенче зөөкүр окуя болгон жерден из жашырган.

Кийин ыкчам издөө иштеринин натыйжасында күйөөсү кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктарын бирдиктүү реестрине катталып, 75-берене (үй-бүлөлүк зомбулук) менен катталды. Керектүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өңдүрүш иши башталган.  Бирок жабырлануучу Ш.А. күйөөсү Т.А.нын үстүнөн арыз жазуудан баш тарткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>