Күйөөсү мигрант! Сузакта жаш келин 3 баласы менен иске ууланып көз жумду

Күйөөсү мигрант! Сузакта жаш келин 3 баласы менен иске ууланып көз жумду

Сузакта жаш келин 3 баласы менен иске ууланып көз жумду. Бул тууралуу “Репортерго” Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, окуя 2-январга караган түнү Сузак районунун Кашка-Терек айылында болгон. Анда 1991-жылы төрөлгөн О.А. аттуу келин үйүндө 5 жаштагы уулу жана 3 жаштагы эгиз балдары менен уктап жатып, көмүрдөн чыккан газга ууланып, каза болушкан. 

Окуя райондук милиция тарабынан каттоого алынып, иликтөө иштери жүргөн.

Текшерүү учурунда каза болгондордун жакындары эч кимге арыз доосу жоктугун билдирип, жансыз денелерди соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан.

Жогоруда көрсөтүлгөн балдардын атасы 2018-жылдан тартып Россияда иштеп жүргөн.

Тэги: ис сузак

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>