Күйөөсүн өлтүрүп коюп, боз үйдө жолдошун жоктоп ыйлап жаткан келин кармалды — фото

Күйөөсүн өлтүрүп коюп, боз үйдө жолдошун жоктоп ыйлап жаткан келин кармалды — фото

Ошто өз күйөөсүн башына арматура менен башка чаап өлтүрүп, кайра боз үйдө жоктоп ыйлап отурган аялы кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын оперативдүү кызматкерлери тарабынан, Алай районунда, каза болгон күйөөсүн жоктоп боз үйдө ыйлап отурган жеринен, адам өлтүрүүгө шектүү катары Ош шаарынын 1991-жылы туулган тургуну П.Г. аттуу келинди кармап келишти. Келин алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө өз күйөөсүн башына арматура менен чапкандыгын моюнуна алды», — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин, алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй маркум 1973-жылы туулган Ысаков Үмүтбек өз аялы менен өз ара келишпестиктен улам жакшы эмес мамиледе болгон. Ошол күнү 19-ноябрда болжол менен саат 23.30 чамаларында Ош шаарындагы көп кабаттүү үйлөрдүн бириндеги үйүнө кирип, бут кийимин чечип жаткан учурда аялы П.Г. арматура менен башына үч ирет чапкан. Натыйжада, Ысаков Ош шаардык ооруканасында өзүнө келбей каза болгон. Оор абалда жаткан күйөөсүнө аялы жана коңшусу чакырган. Аялы өз кылмышын жашырып, коңшусуна «сырттан жарат алып келип жатып калды» деп айткан.

Маркум Үмүтбек Ысаков Ош шаарынында маршруттук такси айдап иштечү. Анын артында 4 баласы калды.

Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан жазык кодексинин 138-беренесинин 3-пунктунун белгилерине ылайык сотко чейинки иликтөө иштери башталды. Далил буюму катары узундугу 97 см, диаметри 12 мм. болгон арматура алынды. Шектүү П.Г. Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>