Күмөндөр Абылов Балбак Түлөбаевге кайрылуу жасады

Күмөндөр Абылов Балбак Түлөбаевге кайрылуу жасады

Куудул Күмөндөр Абылов «Фейсбук»  баракчасы аркылуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевге кайрылуу жасады. 

«Балбак Түлөбаев иним! Элден калбай мен дагы жаңы кызмат ордуң менен куттуктап, көңүлүмдө жүргөн бир, жакшы оюм менен бөлүшкүм келди. Өзүң борбор калаабыздын мэри болгон соң, менин бул оюма (сунушума) кайдыгер карабассың?…

Менин оюмча: «Шаардын чок ортосу менен кеткен темир жолду, вокзалы менен, станция, деполору менен чогуу шаардын чекесине, «Дордой» базардан ары, ылдый жакка көчүрөсүңбү» — дедим эле. Ошондо, темир жолдун ордуна авто жол болуп, «переездери» жок жабык көчөлөр ачылып, даяр көпүрөлөрү, эстокадолору бар жолдор менен автотыгындар азаят беле, шаардын да көркү оңолот беле, кандай дейсиң?… Эгерде мен айткандай болсо, Лев Толстой көчөөсүнүн боюнда, темир жолдун өйүзүндөгү, баптистердин идеологиясына кызмат кылган «Опера балет» театрына окшогон чоң маданият сарайынын алды да кеңейип, аны кайсы бир зданиясы жок жүргөн театрларыбыздын бирине берип же, кинотеатр кылып койсок, ал театр өзүбүздүн идеологияны элге жеткирип турса, кандай гана жакшы иш кылган болоор элек? Атаганат! Болбосо ал маданият сарай темир жолдун түбүндө болуп, театр кылууга ыңгайсыз абалда турат. Бул эми, менин жеке оюм. А так, «Кинг-Конг акам өзү биледи!», — деп жазган Күмөндөр Абылов.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>