«Күнөөлүүлөрдү издегенге убакыт жок» — президент элге кайрылуу жасады

«Күнөөлүүлөрдү издегенге убакыт жок» — президент элге кайрылуу жасады

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июлда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Президент азыр элдин саламаттыгы үчүн аёосуз күрөш болууда экенин айтты.

«Бул күрөштүн ийгилиги — элдин биримдигинен көз каранды. Ынтымак, тилектештик менен ар бирибиз жарандык жоопкерчиликти бийик сезсек, бул илдетти жеңебиз. Бүгүнкү күндүн баатырлары — дарыгерлерибиз өз өмүрүн тобокелге салып, көзгө көрүнбөгөн душман менен жанын аябай, кармашып жатат. Алардын ак эмгегине таазим этип, терең ыраазылык билдирем», — деди өлкө башчы.

Мамлекет башчысы өз кайрылуусунда ар бир жарандын саламаттыгы — мамлекеттик мааниге ээ экендигин айтып, азыркы кырдаалдагы көйгөйлөрдүн чечилиши жеке өзүнүн жана Коопсуздук кеңештин көзөмөлүндө экендигин билдирди.

«Эл арасында азыр суроо көп. Алардын бири — чет элден, эл аралык финансы уюмдарынан келген жардамды бийликтегилер жеп койду» деген сөз. Бул боюнча Өкмөт элге ачык маалымат берүүдө», — деди президент.

Сооронбай Жээнбеков жоопкечилик ар бирибизде экенин жана азыр күнөөлүүлөрдү издөөгө убакыт жок экенин белгиледи. 

«Ар бир жаран — өз үй-бүлөсү, балдары үчүн жоопкер. Менин жоопкерчилигим — элимдин алдында. Сиздердин колдооңор менен бул кыйынчылыктарды жеңебиз», — деп билдирди кайрылуусунда мамлекет башчы.

Мындан тышкары илдеттен улам көз жумгандардын жакындарына көнүл айтты.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>