Күнөөсү жок үчүн акталган. Жогорку Сот Мамашеванын билдирүүсүнө жооп берди

Күнөөсү жок үчүн акталган. Жогорку Сот Мамашеванын билдирүүсүнө жооп берди

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашеванын, “жашы жете элек кызды зордуктаган адам эркиндикте жүрөт” деген билдирүүсү боюнча Жогорку Сот түшүндүрмө берди.

“Тергөө учурунда бул кылмышка шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, ал үй камагына чыккан. Тергөө аяктагандан кийин иш сотко жиберилген. Биринчи Май райондук соту айыпталуучунун аракетинде кылмыштын белгилери болбогондуктан аны актаган. Бишкек шаардык соту дагы райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган.Учурда Бишкек шаардык прокуратурасынын кассациялык арызынын негизинде иш Жогорку сотто каралууда”, — деп жазылат билдирүүдө.

Мамашева парламент жыйынында “Бишкек Парк” соода борборунун дааратканасында 13 жаштагы кызды зордуктаган 22 жаштагы жаран эркиндикте жүргөнүн айтып чыккан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>