Күн жок жашоо мүмкүнбү? Окумуштуулардын божомолу

Күн жок жашоо мүмкүнбү? Окумуштуулардын божомолу

Бир күнү күн жарыгын чачпай калса эмне болот? Бул адамзатына башына тушкөн олутту көйгөй болоору ачык. Күн жер бетине жарым саатка жарыгын чачпай калса, анын кесепеттери көп күттүрбөйт. Эгер Күн жок бир сутка, бир жума же бир жыл жашоого туура келсе эмне болот? Окумуштуулар өздөрүнүн божомол-байкоолору менен бөлүштү.

2015-жылы Британиянын аралдарында 38 мүнөттүк күн тутулгандан кийин температура 0,83кө төмөндөгөнүн, ал эми шамалдын ылдамдыгы 9 пайызга жайлаганын байкашкан. Ошол эле учурда Күн толугу менен эмес, бөлүк бөлүгү менен тутулган. Эгерде күн толук жарым саатка тутулуп жер бетине нур чачпай калса, планетада температура бир-эки градуска төмөндөйт. Башкача айтканда, аба-ырайы бир нече күнгө муздайт.

 

30 мүнөт күн жок болсо: Аба-ырайы сууктайт, шамал азаят. Күн тутумунун учурундагы байкоолордун натыйжасы менен окумуштуулар жада калса бир саат күн жок жашоонун аягы кайгылуу аяктарын айтатышат. Эгерде күн толук жарым саатка тутулуп жер бетине нур чачпай калса, планетада температура бир-эки градуска төмөндөйт. Башкача айтканда, аба-ырайы бир нече күнгө муздайт.

 

Күн жок бир күн: Жаныбарлар жана өсүмдүктөр үшүйт! Күн жоголуп кете турган болсо биринчи жаныбарлар, жана жылуу климатк көнүп калган өсүмдүктөргө кыйын болот. Бир күн бою күндүн жоголушу менен жер планетасында температура бир-эки градуска төмөндөйт.

 

Бир жума күн жок болсо: Жер жүзү тоңуп калуу чегинде. Бардык өсүмдүктөргө фотосинтез үчүн күндүн нуру муктаж.

 

Бир жума караңгылык дүйнөдөгү түшүмдөрдүн көбүн зыянга учуратат. Баш калкалаганга жери жок бардык жандыктар жапа чегет. Жети күндү күн жок жашоодон кийин эки жылдан үч жылга чейин ач калуу жана биологиялык кризис коркунучу жаралат. Жер жүзүндөгү бардык жерде температура тоңуу чекитинен төмөн түшөт.

 

Бир жыл күн жок: Томсоргон өлүү муздактык. Күн жок бир жылдын ичинде жер планетасы муз менен капталат. Орточо температура -73 градус Цельсия болот.

 

Караңгылык жана кычыраган суук жерди баштапкы абалына алып келет. Жаныбар, адамзаттын бардыгы өлөт. Жер кайра өзүнүн калыбына келиш үчүн миллиондогон жылдар талап кылынат.

 

Күндүн дагы миллиондогон жылдарга жеткидей энергиясы бар. Ошондуктан ал түнкүсүн жана ай аны жаап калганда эле чыкпай калышы мүмкүн!

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>