Күндүн сүрөтү: «Ак Кеме» мейманканасында обсервацияда жаткандар

Күндүн сүрөтү:  «Ак Кеме» мейманканасында обсервацияда жаткандар

Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритми боюнча чет өлкөдөн келип жаткан жарандардан COVID-19 вирусуна ПЧР диагностикага анализдер алынат. Үч күн бою алар карантиндик зонада болушат. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Эгерде анализи терс болуп, адам байланышкандардын катарына кирбесе, анда ал бардык эрежелерди жана талаптарды сактоого милдеттүү болуп, үй карантинине жиберилет. Эгерде үйдө тийиштүү шарттар жок болсо, анда Саламаттык сактоо министрлиги аны обсервациялардын бирине жайгаштырат.

Анализдин жыйынтыгы коронавирустун бар экенин көрсөтсө, жаран стационарга дарыланууга, ал эми анализи терс болгон байланышкан адамдар медиктердин көзөмөлүндө обсервацияга жаткырылат.

Сүрөт «Ак Кеме» обсервациясында карантиндик зоонада жаткандар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>