Күндүн ысыгынан «Тез жардам» кызматына кайрылгандар көбөйдү

Күндүн ысыгынан «Тез жардам» кызматына кайрылгандар көбөйдү

Ушул жылдын июль айынын башынан бери өлкө аймагында абанын температурасы жогорулап, «Тез жардам» кызматына кайрылгандардын саны көбөйдү. Бул тууралуу аталган кызматтын дарыгери Айнагүл Алымкулова билдиргенин жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

«Бир күндө 600дөй «Тез жардам» кызматын чакыруу болуп жатат. Үйдө күндүн ысыгынан кан басымы жогорулап “Тез жардамга” чалгандар көп болууда», — деп маалымат берген Алымкулова.

Мындан тышкары көчөдө уктап күнгө күйүп калган селсаяктардын да саны көбөйгөн. Тактап айтканда, селсаяктар үчүн 7-8 чакыруу келип түшөт. Быйыл күндүн ысыгынан «Тез жардам» кызматына кайрылгандар абдан көп.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>