Көчөдө аялды опузалап 2 миң долларын тартып алган адам кармалды

Көчөдө аялды опузалап 2 миң долларын тартып алган адам кармалды

Милициянын кайгуул кызматы Бишкекте опузалап акча талап кылган адам кармалганын кабарлады.

Милицияга 2-декабрда акчамды опузалап тартып алышты деп Т.А. аттуу аял кайрылган. Окуя болгон жерге барган укук коргоо кызматкерлерине аталган аял Горький жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинен чала тааныш адам опузалап, 2 миң доллардан ашуун акчасын тартып алганын айткан.

Ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында шектүү катары, 1987-жылы туулган А.Ч. аттуу адам кармалган. 

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, жазык кодексинин 203-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен сотко чейинки өндүрүш башталган. 

[su_image_carousel source=»media: 50757″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>