Көчкүдөн абайлагыла! ӨКМ жолго чыккандарга эскертет

Көчкүдөн абайлагыла! ӨКМ жолго чыккандарга эскертет

Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-мартта жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Төө-Ашуу ашуусунда, Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Өтмөк ашуусунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн.

Ошондой эле Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңыбазар-Киров унаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Ош-Сары-Таш унаа жолунун 165-180-чакырымдарында (Талдык жана Катын-Арт ашуулары), Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 98-136-чакырымдарында жана Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-93-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгы эскертилет.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>