Көчмөндөр оюндары: Талас менен Оштун улакчылары беттешип жатат

Көчмөндөр оюндары: Талас менен Оштун улакчылары беттешип жатат

Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында Таласта өтүп жаткан көк бөрү мелдешинде, Ош облусу менен Талас облусунун улакчылары беттешип жатат. Репортер агенттигинин кабарчысы жеринен кабарлагандай, учурда Талас командасы 4:1 эсеби менен алдыда.

“Мелдеш учурунда Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев жана Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков улак таштаган оюнчулар үчүн 100 доллардан байге коюп, эки байгени тең Таластын улакчылары алып кетти.  Учурда 2-тайм аяктап, командалар он мүнөттүк тыныгууга кетти”, — деди кабарчыбыз.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө 3 оюн белгиленген.

Алдыда Бишкек шаары менен Жалал-Абад жана Чүй облусу менен Ош шаарынын командалары беттеш өткөрөт.

Автор: Аскарбек Сүйүнали уулу
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>