Талас облусунда өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында көк-бөрү боюнча мелдештин экинчи күнүндө Ысык-Көл облусунун улакчылары менен Жалал-Абад облусунун командасы беттешти.
Бүйүр кызыткан оюн бир саатка созулуп, анын жыйынтыгы менен Ысык-Көл командасы Жалал-Абаддын улакчыларын 9:2 эсеби менен жеңип алды.
Беттеш учурунда алтынчы улакты Жалал-Абад командасынын оюнчусу Кудайберген Тукенов өзүнүн тай казанына таштап алды.
Белгилей кетсек, Көк-бөрү оюнунун экинчи күнүнө 3 беттеш белгиленген. Эрте менен Талас командасы Нарын облусун 12:2 эсеби менен жеңип алган.
Алдыда Ош шаары менен Баткен командаларынын беттеши болот.
Автор: Дилде Шатанова