Көчмөндөр оюну: Чүйдүн көк бөрүчүлөрү Таласты жарым финалда утуп алды (фото)

Көчмөндөр оюну: Чүйдүн көк бөрүчүлөрү Таласты жарым финалда утуп алды (фото)

Чүй облусунун көк бөрү боюнча курама командасы Улуттук көчмөндөр оюндарынын жарым финалында Талас  командасын жеңип, финалдык таймашка жолдомо алганын кабарчыбыз жеринен билдирди.

Бүгүн, 20-сентябрда Талас шаарындагы өткөн беттеште 5:2 эсебинде чүйлүк улакчылар жеңишке жетти. Оюндун 1-таймында Чүй командасы эки улакты тайказанга салышты.

Экинчи таймда чүйдүн көкбөрүчүлөрү эки улакты атаандаштын тайказанына салса, талстык улакчылар бир улак салууга жетишти.

Үчүнчү таймда эки команда атандаштарынын тай казандарына бирден улак салып, оюн жыйынтыгында 5:2 эсебинде Чүйлүктөр финалга жолдомо алышты.

Автор: Аскарбек Сүйүнали уулу, сүрөт: Максат Боромбаев
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>