Көк бөрү боюнча кыргыз курама командасы Ташкентте өтө турган Дүйнө чемпионатына катышуудан баш тартты

Көк бөрү боюнча кыргыз курама командасы Ташкентте өтө турган Дүйнө чемпионатына катышуудан баш тартты

Көк бөрү боюнча Кыргызстандын курама командасы Өзбекстанда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна катышуудан баш тартты. Мелдеш Ташкент шаарында өтөт. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзбекстанда Дүйнө чемпиондугунда көк бөрү эмес, көк пар ойнотулат. Федерация кеңеш өткөрүп, бул мелдешке катышуудан баш тартуу чечимин кабыл алды. Кыргыз курама командасы көк пардын эмес көк бөрүнүн эрежеси менен ойнойт. Чемпиондук көк пардын эрежеси менен жүрөт. Ошол себептен көк бөрү боюнча кыргыз курама командасы чемпиондукка катышуудан баш тартты.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>