Көк бөрү боюнча президенттин кубогу 3-8-ноябрда Чолпон-Атада өтөт

Көк бөрү боюнча президенттин кубогу 3-8-ноябрда Чолпон-Атада өтөт

Өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө арналып президенттин кубогу үчүн жыл сайын өтчү улуттук ат оюндары боюнча мелдештер 3-ноябрдан 8-ноябрга чейин Чолпон-Ата шаарында өтөт.

Бул тууралуу Reporter.kg` ге Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат сөз катчысы Нурпери Садырбекова билдирди.

Садырбаеванын айтымында, мелдештер көрүүчүлөрдүн катышуусу менен өтөрү азырынча чечиле элек.

“Мелдештер жылдагыдай эле спорттун 6 түрү боюнча өтөт. Көк бөрүчүлөр мурдагыдай эле жогорку жана биринчи лига болуп эки топкө бөлүнүп күч сынашат. Азырынча мелдештердин байгеси жана көрүүчүлөрдүн катышуусу боюнча маселелер чечиле элек”, – деди Садырбекова.

Белгилей кетсек, быйыл пандемиядан улам өлкөнүн Эгемендик күнүнө карата өтүүчү ат оюндары боюнча мелдештер өз убагында өтпөй калган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>