Көк бөрү боюнча президенттин кубогу күзгө жылдырылды

Көк бөрү боюнча президенттин кубогу күзгө жылдырылды

31-августта өткөрүлө турган көк бөрү боюнча  Кыргызстандын президентинин кубогу өлкө аймагындагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу ушул жылдын октябрь айына жылдырылды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Оюндун так күнү жана орду кийинчерээк жарыяланат.

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган ат оюндары салт катары август айынын аягында өткөрүлөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>