Көк бөрү: финалда “Достук” менен «Ынтымак» ойнойт

Көк бөрү: финалда “Достук” менен «Ынтымак» ойнойт

Нооруз майрамына карата өтүп жаткан көк бөрү боюнча турнирде “Достук” 11:6 эсеби менен “Мурасты” утту.

Беттештин биринчи бөлүгү 5:4, экинчи айлампа 7:6 менен жыйынтыкталды. Ал эми үчүнчү таймда “Достуктун” оюнчулары тайказанга дагы 4 улак салып, беттеш 11:6 менен жыйынтыкталды.

“Достук” эки жеңиши менен финалда “Ынтымак” командасы менен беттешет.

Буга чейин «Ынтымак» — «Сары-Өзөндү» жеңип, финалга чыккан болчу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>