Көк бөрү: Манас Ниязов баштаган “Ала-Тоо” ири эсепте утулду

Көк бөрү: Манас Ниязов баштаган “Ала-Тоо” ири эсепте утулду

Нооруз майрамына карата өтүп жаткан көк бөрү боюнча турнирде “Достук” 7:2 эсебинде “Ала-Тоо” командасын утту.

Оюндун 1-бөлүгүндө Манас Ниязов эки улакты катарынан салып, “Ала-Тоо” командасын алдыга алып чыкты. Ага жооп катары “Достуктан” Аскат Аскаров бир улак салып, алгачкы тайм 1:2 менен жыйынтыкталды.

Ал эми экинчи айлампада “Достуктун” оюнчулары 3 улак салып, бул бөлүк 4:2 эсеби менен аяктады.

Чечүүчү 3-таймда “Достуктун” оюнчулары тай казанга дагы 2 улак салып, эсеп сандарын 7:2ге жеткирди. Муну менен 1-турдагы оюнда “Достук” ири эсепте жеңишке жетти.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>