Көк бөрү: Таласта өтүүчү турнирге “Альянс Алтын” демөөрчү болду

Көк бөрү: Таласта өтүүчү турнирге “Альянс Алтын” демөөрчү болду

Улуу Жеңиш майрамына карата алгачкы ирет Таласта өтүүчү ат оюндары боюнча республикалык мелдешке “Альянс Алтын” ишканасы жана “Бакубат Талас” фонду демөөрчү болот.

Маалым болгондой, «Бакубат Талас» фондунун байге фонду 300 миң сомду түзөт.

Турнир 3-майдан 9-майга чейин Талас облусунун “Райкан Алканов” атындагы ат майданында өтөт. 2-май күнү командалар чүчү-кулак кармашат.

Ал эми катышуучу командалар арыздарын 30-апрелге чейин Спорттун Улуттук түрлөрү боюнча дирекциясына тапшыруулары керек.

Белгилей кетсек, Нооруз майрамына карата өткөн көк бөрү боюнча турнирди “Ынтымак” командасы уткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>