Улуу Жеңиш майрамына карата көк бөрү боюнча республикалык мелдеш Талас облусунда өтөт. Бул тууралуу аталган спорттун федерациясынан кабарлашты.
Турнир 3-майдан 9-майга чейин Талас облусунун «Райкан Алканов» атындагы ат майданында өтөт. 2 май күнү командалар чүчү-кулак кармашат.
Ал эми катышуучу командалар арыздарын 30-апрелге чейин Спорттун Улуттук түрлөрү боюнча дирекциясына тапшыруулары керек.
Белгилей кетсек, Нооруз майрамына карата өткөн көк бөрү боюнча турнирди “Ынтымак” командасы уткан.