Көк-Ташта ок атуудан каза болгон Чыңгыз Темирбаевдин сөөгү жерге берилди

Көк-Ташта ок атуудан каза болгон  Чыңгыз Темирбаевдин сөөгү жерге берилди

Баткен районунун Көк-Таш айылындагы ок атуу учурунда каза болгон 26 жаштагы Чыңгыз Темирбаевдин сөөгү 30-апрелде жерге берилди.

Маркумдун классташы, өзүн Акжол деп тааныштырган жигит айтып бергендей, ал 29-апрелде каза болгонун «Азаттык» жазды.

“Кичи пейил, бардыгына активдүү катышкан, көңүл бурган жакшы досубуз эле. Балким ок тийгендир, эки снайпер иштеп жаткан деп айтышты. Досум бир туугандарынын эң улуусу болчу. Үй-жай салып, бөлүнсөм деген ниети болсо керек”.

Темирбаев Бужум айылынын тургуну болчу. Артында эки баласы калды.

Классташынын айтымында, эки-үч ай мурда кичүү баласы төрөлгөн, улуусу чоңоюп калган.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кийин абал курчуп, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болду, 29-апрелде үйлөр жана имараттар өрттөлдү, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланды.

Жараат алган кыргызстандыктардын саны 154, каза болгондор 31 экени 30-апрелде саат 18де маалымдалды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>