Көк-Жар айылындагы бала бакчадан чыккан өрттүн жалпы аянты 200 чарчы метрди түзөт

Көк-Жар айылындагы бала бакчадан чыккан өрттүн жалпы аянты 200 чарчы метрди түзөт

Кечээ, 10-октябрда Көк-Жар калктуу конушундагы Көк-Жар көчөсүнүн №55 дарегинде жайгашкан «Чудо-Детки» жеке менчик бала-бакчанын чатырынан өрт чыккан. Өрттүн жалпы аянты 200 чарчы метрди түзөт. Бул тууралуу ӨКМнин маалымат кызматынан кабарлашты.

«Өрт тууралуу маалымат ӨКМге 15:20да түшкөн. Өрттү өчүрүүгө ӨКМнин Свердлов райондук №7 АӨКБдан 1 бөлүм, Октябрь райондук №5 АӨКБдан 1 бөлүм, Свердлов райондук №3 АӨКБдан 1 бөлүм, Штаб мындан сырткары РЭТ ишканасынан 1 бригада, Тез жардам кызматынан 1 бригада, ИИМ кызматкерлери, Тазалык муниципалдык ишканасынан 1 суу ташуучу унаа жана газ чарба кызматкерлери тартылган», — деп жазылат маалыматта.

Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 16:28де чектөөгө алынып, саат 19:31де толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты 200 чарчы метрди түзгөн. Өрттөн 84 жаш бала жана 10 бала бакча кызматкери эвакуацияланган. Жабыркаган адамдар жок. Материалдык чыгым жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>