Көп кабатту үйдөн чыккан өрттү өчүрүү учурунда бир кызматкер жабыркады

Көп кабатту үйдөн чыккан өрттү өчүрүү учурунда бир кызматкер жабыркады

20-июль күнү Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушундагы көп кабатту үйдөн чыккан өрттү өчүрүү учурунда бир адам жабыркады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, ал 33 жаштагы өрт өчүрүү кызматкери болгон. Кызматкер колунан жана бутунан жаракат алган, абалы туруктуу. Мындан башка өрт өчүрүүчү унаа жабыркаган.

Белгилей кетсек, кечээ Ак-Өргө конушуна курулуп жаткан көп кабатту үйдүн чатырынан өрт чыкканы кабарланган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>