Көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка Улукбек Мариповдун талапкерлигин жактырды

Көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка Улукбек Мариповдун талапкерлигин жактырды

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын жыйынында премьер-министрлик кызмат ордуна Улукбек Мариповдун талапкерлиги каралууда.

Талкуу маалында депутат Бейшеналы Нурдинов Айыл чарба министрлиги артыкчылыктуу багыт экенин эске алуу менен дайындалуучу жетекчилердин тажрыйбасына көңүл бурууга чакырды.

Ал эми депутат Кожобек Рыспаев: «Азыркы кырдаалдан чыгуу, таңсыктыкты азайтуу багытында кандай чараларды кабыл аласыз? — деген суроо койду.

Өз кезегинде Улукбек Марипов: «Биздин негизги багыт кирешени көбөйтүү. Бул үчүн салык, бажы тармагында көзөмөлдү күчөтөбүз. Тармактарга бөлүнгөн каражаттардын натыйжалуулугун кайрадан карап чыгабыз. Ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө басым жасайбыз», — деди.

Ошондой эле депутат Бактыбек Райымбеков суу чарба тармагын өнүктүрүү зарылчылыгына токтолсо, депутат Закир Шарапов тоо кен жана чалгындоо тармагы боюнча өзүнчө министрлик түзүүнү сунуштады.

Андан сырткары депутат Марлен Маматалиев Мамлекеттик мүлк фондунун ишмердүүлүгүн кайрадан карап чыгуу зарылчылыгын кошумчалады.

Жыйынтыгында көпчүлүк коалиция тарабынан Улукбек Мариповдун талапкерлиги жактырылды.

Буга чейин көпчүлүк коалициянын башчысы Иса Өмүркулов белгилегендей, Улукбек Мариповдун талапкерлигин «Республика-Ата-Журт» парламенттик фракциясы сунуштаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>