Көпчүлүк коалиция премьер-министрликке Бороновдун талапкерлигин жактырды

Көпчүлүк коалиция премьер-министрликке Бороновдун талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция премьер-министрликке Кубатбек Бороновдун талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу 16-июндагы көпчүлүк коалициянын жыйынында айтылды.

Отурумда Иса Өмүркулов дайындалган премьер-министр парламенттик шайлоого чейин, тактап айтканда, кийинки чакырылыштын депутаттары келгиче кызмат кыларын айтты.

Белгилей кетсек, кечээ, 15-июнда Мухаммедкалый Абылгазиев кызматынан кетүү тууралуу арыз жазган. Бүгүн, 16-июнда Абылгазиевди премьер-министр кызматынан бошотуу тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>