Көпчүлүк коалиция Садыр Жапаровду премьерликке жактырды

Көпчүлүк коалиция Садыр Жапаровду премьерликке жактырды

Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке Садыр Жапаровдун  талапкерлигин жактырды.  

Сунушталган талапкерди колдоо тууралуу  көпчүлүк коалициянын  чечими Жогорку Кеңештин төрагасынын жана Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин кароосуна жөнөтүлдү.

 Белгилей кестек, 10-октябрдагы парламенттин кезексиз жыйынында Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка бекитилген.  Бирок  айрым депутатар анда кворум болбой калгандыгын айтышып, коомчулукта талаш маселе жаралган.

13-октябрда  президент Сооронбай Жээнбеков  Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекитүү боюнча токтомунун легитимдүүлүгү шек жаратып жатканы айтып, токтомду артка  кайтарган.

Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы КСДП, “Кыргызстан”, “Бир-Бол” “Республика-Ата-Журт” фракцияларынан куралган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>