«Кааласаӊар сойку катары иштетсеӊер болот». Ошто 19 жаштагы кызды сатып жаткан адам кармалды

«Кааласаӊар сойку катары иштетсеӊер болот». Ошто 19 жаштагы кызды сатып жаткан адам кармалды

Ошто 19 жаштагы жетим кызды 100 миӊ сомго сатууну көздөп жаткан адам кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабаралашты.

Маалым болгондой, милицияга белгисиз бирөөлөр кызды сатып ала турган кардарларды издеп жаткандыгы тууралуу  маалымат келип түшкөн. Милиция дароо сатып алууну каалаган адамдын ордуна бир адамды  дайындап, маалыматты текшерип көрүшкөн. Кыз сатууну каалаган аял жаш кызды 100 миӊ сомго баалап, аны каалагандай пайдалана берсе боло тургандыгын, ата-энеси, сурап алар адамы жоктугун айткан.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө аял 100 миӊ сомдон баасын түшүрүп, нак акча болсо 50 миӊ сомго эле сата турган болгон. Натыйжада, 14-август күнү алдын ала даярдалган акчаны берүү учурунда, Жалал-Абад шаарынын «Нур» мейманкананын короосунан 42 жаштагы аял кармалып, жанынан тиешелүү суммадагы акчалар чыккан.

Учурда шектүү 2 айга убактылуу кармоочу жайына камалган. Окуя “адам сатуу беренеси” менен катталып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>