Site icon Reporter.kg

Качкын министр Кашкар Жунушалиев Кремлде концерт көрүп отурат – видео

5-6-октябрдагы окуялардан кийин кызматын таштап качып кеткен мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге окшош адамдын Москвада концерт көрүп отурган учурдагы сүрөттөрү жарыяланууда.

Полиция кызматкерлеринин  күнүнө карата өткөн майрамдык концерт Орусиянын 1-каналынын эфиринен 15-ноябрь күнү берилген.  YouTube`га жарыяланган концерттин видеосунун 36:22 мүнөтүндө көрүүчүлөрдүн арасында Кашкар Жунушалиевге түспөлдөш адамдын отурганы даана көрүнүп турат.

Буга чейин премьер-министр Садыр Жапаров Баткен облусунда эл менен жолугуп жатып Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы жетекчиси Орозбек Опумбаев менен мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев изделип жатканын айткан.

Exit mobile version