Кыргызстандык режиссер Дастан Жапар Рыскелдинин «Качкын» тасмасы Казакстандагы Евразия эл аралык кинофестивалына катышат. Бул тууралуу «Кыргызфильм» киностудиясынан билдиришти.
Фестиваль 24-30-ноябрда өтөт. «Качкын» тасмасы кинофестивалдын «Борбор Азия жана түрк тилдүү мамлекеттер» сынагында «Эң мыкты тасма» наамы үчүн ат салышат.
Белгилей кетсек, режиссер Дастан Жапар «Атанын керээзи», «Акыркы көч» тасмалары менен таанымал.