Site icon Reporter.kg

Качып кеткен Ички аскерлеринин колбашчысы Исламбек Кенжекулов кармалды

Исламбек Кенжекулов

Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин колбашчысы Исламбек Кенжекулов кармалды. Бул маалыматты Reporter.kgге Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады.

Ал 20-декабрда Аскер прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан кармалган.

Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин кызмат адамдары өздүк курамдын муктаждыктарына тамак-аш жана кийим-кече сатып алууга багытталган дээрлик 34 миллион сомду  кымырып алганы  маалымдалган. Аскер прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталды.

«Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө кызматкерлердин муктаждыктары үчүн тамак-аш жана кийим-кече сатып алууга бюджеттик каражаттардын 33 миллион 946 миң 866 сому фронттук компаниялардын эсебине мыйзамсыз которулуп, кийин өздөштүрүлүп алынганы аныкталды», — деп билдирди Башкы прокуратурадан.

Аталган фактылар боюнча Аскердик прокуратурасы тарабынан Ички аскерлеринин кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 209 (алдамчылык), 210 (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) беренелери боюнча кылмыш иштери козголду. өзгөчө ири өлчөмдө), Кылмыш-жаза кодексинин 346 (кызматтык жасалмачылык) жана 348 (шалаакылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Бардык кылмыш иштери иликтенип жатат.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, ИИМдин Ички аскерлеринин бюджетинен 33,9 млн сом уурдап алуу иши боюнча айыпталуучулар Кыргызстандан качып кетишкен.

ИИМдин ички аскер бөлүмүндөгү коррупциялык схема. Күнөөлүүлөр качып кетишкен

 

Exit mobile version