Site icon Reporter.kg

Кадамжайда 30 миң жумуртка жок кылынды

Баткен облусунда аткезчилик жол менен ташылып келген 30 миң жумуртка жок кылынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 12-апрелде Кадамжай районунун Анкур-Сай аймагында 30 миң жумуртка жүктөгөн Mercedes-Benz унаасы токтотулган. Текшерүү учурунда жумурткалардын тиешелүү ветеринардык коштоочу документтери менен маркировкасы жок экендиги аныкталган. «Ветеринария жөнүндө» мыйзам жана ЕАЭБдин талаптары бузулгандыгына байланыштуу жумуртка Кадамжайдын ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жок кылынган.

Exit mobile version