Site icon Reporter.kg

Кадамжайда 92 млн сомдук стадион мамлекетке кайтарылды

Кадамжайда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык инфраструктура объектилерин аныктоо жана аларды мамлекеттин пайдасына кайтаруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Тактап айтканда, УКМК тарабынан “Кылмыштардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун электрондук маалыматтык журналына катталган материалдын негизинде Кадамжай районунун Калача айылынын аймагындагы мурда мыйзамсыз менчиктештирилген болжолдуу баасы 92 млн сомдон ашык, 1,85 гектар «Стадион» социалдык объектиси муниципалдык менчиктин балансына кайтарылды.

УКМК мамлекеттик жерлерди, имараттарды жана курулмаларды жеке менчикке мыйзамсыз менчиктештирүүнүн ушул сыяктуу фактыларын аныктоого багытталган иштерди улантууда, ошондой эле аларды мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча чаралар көрүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version