Кадамжай РИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн жана коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери 17-ноябрда “Бахус” аттуу кечки рейд өткөрүштү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, рейдде жалпысынан 389 унаа текшерилип, анын ичинен 1 мас абалда унаа башкарган, 3 документи жок унаа башкарып жүргөн, 1 айнегин карангылатып алган айдоочулар аныкталды.
“Төрт унаа айып аянтчасына киргизилип, жалпысынан 44 айдоочуга укук бузуулар жөнүндө протокол толтурулуп, мыйзам чегинде чара көрүлдү”, — деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз