Site icon Reporter.kg

Кадамжайда дарыяга түшүп кеткен 10 жаштагы бала изделүүдө

Кадамжай районунда дарыяга түшүп кеткен 10 жаштагы бала изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 12-июнь күнү Майдан айыл аймагынын  Кереге-Таш айылында 2012-жылы туулган Т.А. аттуу жаш бала Исфайрам-Сай дарыясына түшүп кеткен.

Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 8 куткаруучу тартылган. Кеч киргендигине байланыштуу издөө иши убактылуу токтотулган.

Издөө иштери 13-июль күнү улантылат.

Exit mobile version