Баткендин Кадамжай районунда мыйзамсыз аңчылык кылгандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициядан белгилешкендей, аңчылык мезгили аяктаганына карабастан, эки жаран Айрыбаз айыл аймагынын Кожо-Кайыр жайлоосунда аң уулоого чыгып, 14 кекиликти аткан. Алар Айрыбаз айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган.
Учурда аталган факт каттоого алынып, тергөө иштери жүрүүдө.
Милиция 20нан 28-февралга чейин Баткенде «Мал ууру», «Касапчы» аталышындагы иш-чаралар жүрүп жатканын билдирди.