Кадамжайда тез-татым будкасын тоногон өспүрүм балдар кармалды

Кадамжайда тез-татым будкасын тоногон өспүрүм балдар кармалды

Кадамжайда тез-татым будкасына кирип уурулук кылган өспүрүм балдар кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан кабарлашты.

26-октябрга караган түнү белгисиз адамдар Кадамжай шаарындагы Заречная көчөсүндө жайгашкан “Тез татым” буткасынын кирип, тамак-аштарды, буюмдарды уурдап кетишкен.

Ушул эле түнү ошол жердеги “Магазин женской одежды” дүкөнү да тонолуп, белгисиз адамдар сатыкта турган товарларды уурдап кеткен. Натыйжада жабырлануучуга 28 800 сомдук чыгым келтирилген.

Бул фактылар Жазык кодексинин 200-беренеси (уурулук) менен катталып, соттук өндүрүш башталган.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында, кылмыштын изи сууй электе Кадамжай районунун Тамаша айылынын 16 жаштагы Т.Н. жана Кадамжай шаарынын тургуну 11жаштагы М.Р. Кадамжай шаарындагы батирлерде ижарада жашап жаткан жеринен аныкталып кармалып, уурдалган буюмдар өз ээлерине кайтарылып берилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>