Site icon Reporter.kg

Кадамжайдын тургундарын сызга отуруп кеткен аял кармалды

Кадамжай районунун тургундарын алдап кеткен аял киши  кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымтака караганда, Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын жергиликтүү тургундары 2022-жылдын июль айында гилас мөмө-жемиштерин сатып берем деп алып кетип, изин жашырып кеткен жарандын үстүнөн арыз менен кайрылган.  Жалпысынын 11 арыз түшүп, арызданган жарандарга 270 000 миң сомдук зыян келтирген.

Бул арыздар Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде катталып,  сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кадамжай РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү Чүй облусунун Сокулук районунун  40 жаштагы тургуну К.Н. аттуу жарандын өздүгү аныкталып,  Ош облусунан кармалган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү 40 жаштагы К.Н. мурда да алдамчылык кылмышы менен  жоопко тартылгандыгы белгилүү болду.

Азыркы учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version